Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирди.
Атайын кызмат “Аю Холдинг” узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын кабарлады.
Шаршенбек Абдыкеримов жалпы наркы 10 млрд сомдон ашкан соода-оюн-зоок борборлорун, өнөр жай базаларын жана коммерциялык жайларды мамлекетке өткөрүп берген. Анын ичинде Бишкек шаарынын Токтогул №126 дарегинде жайгашкан коммерциялык имарат бар. Анын баасы 95 млн сомдон ашык деп бааланган. 4 млрд сомдон ашык акчага бааланган “АЮ Гранд” соода борбору да мамлекетке алынды. Ысык-Көлдөгү коттеждер жана бир катар имараттар бар.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан. Андан бери УКМК “Аюнун” бир нече мүлкү өкмөткө кайтарылганын кабарлаган.
“АЮ Холдинг” мындан 20 жылдан ашык мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башкалар бар. Анын негиздөөчүсү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов издөөдө жүрөт. Анын кайда экени белгисиз. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 17-апрелинде “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаев баш болгон беш кызматкерине өкүм чыгарган.
Шаршенбек Абдыкеримов ага козголгон иш жана “АЮ Холдингдин” айланасындагы иштер тууралуу комментарий бере элек. (BTo)
Шерине