Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:13

Ташиев УКМКда коррупцияга аралашкан кызматкерлер бар экенин айтты


Камчыбек Ташиев.(архив)
Камчыбек Ташиев.(архив)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматкерлердин арасында да коррупцияга аралашкандар бар экенин Ош облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.

"УКМК башкаларды кармап эле, өзү таптаза эмес, биздин кызматкерлердин арасында да коррупцияга аралашкандар бар. Менин атымды сатып, “төраганын тапшырмасы, төрага күтүп атат, төрага үйүндө күтүп жатат" деп акча алып жүргөн кызматкер жакында эле кармалды. Алардын жазасы катуу болот. Урматтуу эл-журт, эч качан андай сөздөргө ишенбегиле. Мен, менин жанымдагылар да коррупция кылбайт. Эгер мен коррупцияга илешсем, президенттин алдында жооп берем", - деди Камчыбек Ташиев.


Ал УКМК кызматкерлеринин арасында коррупциялык иштерге байланышы бар болгондорун аныктап, жоопко тартып, катаал жазага тартуу боюнча аракет жүрүп жатканын маалымдады.

Ташиев азыр Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Буга чейин коомчулукта бийлик башындагылардын атына жамынып, ар кандай иштерди жасап жүргөн орган кызматкерлери бар экени айтылып келген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG