Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:20

Токторбаев "Ош-Сити" шаарчасынын курулушу кечеңдеп жатат деп сындады


Сүрөт Ош шаардык мэриясынын баракчасынан алынды.
Сүрөт Ош шаардык мэриясынын баракчасынан алынды.

Ош шаарынын мэри Жеишбек Токторбаев 13-сентябрда "Ош-Сити" шаарчасынын курулушу менен таанышып, иш жай жүрүп жатканын кескин сынга алды. Ал курулушу 1 жыл 3 ай мурда башталган аймакта иш көзгө көрүнөрлүк жылбай жатканы үчүн шаарчаны куруп жаткан компания жетекчилеринин өлкөдөн чыртка чыгуусуна тыюу салууну сунуштады.

"Көңүл жылытарлык, кубана турган жумуш жок. 200 миң битир сатылганын айтып жатат. Анын 1050сү дээрлик накталай акчага,100% сатылып жатат. Азыркы баасы менен алганда, орто эсеп менен эсептегенде 30 млн долларга саттыңар. Бул жерде 5 млн долларлык жумуш жок. Силер менен тең башатагандаа тапшырайын деп калышты. Жумуш жакшы эмес. Жетекчи кызматтагылардын баарын УКМКга кат жазып, өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салыш керек, булар чыкпаш керек. Мен эки жолу келип, силерди тапкан жокмун. Ташкент, Наманган, Бишкекте жүрөсүңөр, минтип жүрсөңөр иш болмок беле. Минтип крандарды коюп койсоңор эл ишенип атат да", - деди мэр.

Мэр Токторбаев шаарчаны курууга катышып жаткан "Бизнес хаус" компаниясынын буга чейин курган 3-4 үйү көйгөйлүү болуп, элге тапшыра элек экенин белгиледи.

Токторбаев менен жолугушууда шаарчаны куруп жаткан компания жетекчилери курулуш мурда белгиленгендей келерки жылдын май айына чейин бүтө турганын айтышты.

2023-жылы 500дөн ашык көп кабаттуу турак жайдан турган Ош шаарчасые куруу сунушталган. Анда шаардын 2025-жылга чейинки башкы планы көрсөтүлүп, шаардын аймагын кеңейтүү, жаңыдан кошулган жерлерге кичи райондорду, өнөр жай-соода борборлорун куруу менен шаардын калкын 1 миллион адамдан ашыруу максаты айтылган.

Мында жалпысынан 250 миңдей адам жашай турганы, долбоорго кеминде 2 млрд доллардай каражат жумшалары кабарланган.

Ал үчүн шаардын батыш тарабынан жер бөлүнгөн.

2025-жылдын 14-февралында президент Садыр Жапаров шаарчанын курулушуна капсула салган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG