2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык жаштар курама командасы (U-23, же 23 жашка чейинкилер) бүгүн, 9-сентябрда Шри-Ланка командасына каршы ойноп, 6:0 эсебинде утуп алды.
Голдорду Марлен Мурзахматов (2), Кими Мерк, Христиан Браузман, Эрбол Абдужапаров жана Саид Дациев киргизишти.
Буга чейин жаштар курама командасы «Е» тайпасында Палестиналык атаандаштарын 1:2 эсебинде жеңген, ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, ал 2:2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган.
Кыргызстандын 23 жашка чейинкилер арасындагы курама командасы E тайпасында 7 упай менен биринчи орунду ээледи жана Азия кубогунун финалдык этабына жолдомо алды. Азия кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 7-25 январь күндөрү Сауд Арабиясында өтөт.
Шерине