Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Нарын: Жол салуу ишин "Кыргызавтожол–Түндүк" мамлекеттик ишканасы колго алды


Нарын шаарындагы салынып жаткан жолдор.
Нарын шаарындагы салынып жаткан жолдор.

Нарын шаарындагы Ленин жана Жумамүдүн Шералиев атындагы көчөлөрдүн автоунаа жолдорун салууну Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол–Түндүк" мамлекеттик ишканасы колго алды. Министрлик тараткан маалыматка караганда, жерине жалпы 87 техника жана 72 кызматкер тартылды.

Аталган мекеме тротуар салуудагы мурдагы кемчиликтер толук жоюларын жана Ленин көчөсүнө асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатканын белгилөөдө.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы 8-сентябрда Нарын шаарындагы автоунаа жолдорун салуу боюнча тендерди утуп, кийин ишти аягына чыгара албай калган “Бета Групп” ишканасынын техникасы, завод жана башка мүлкү камакка коюлганын билдирген. Андан тышкары “Бета Групп” ишканасынын башкы директору (Т.Б.) жана бухгалтер кызматкерлери боюнча да тергөө жүрүп жатканы белгилүү болгон.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен “Бета Групптун” ортосундагы келишим жокко чыгарылып, эки тараптын өкүлдөрү кирген комиссия ушул тапта компаниянын буга чейин жасаган иштерин өткөрүп алууда.



Нарын шаарындагы жолду жасоо иши кечеңдеп, бүткөн жерлердеги жолдун сапатына эл нааразы болгондуктан транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев, “Бета Групп” компаниясынын ээси Мирлан Амантуров, "Кыргызавтожол–Түндүк" мамлекеттик ишканасынын башкы директору жана Жол куруу башкармалыгынын директору кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Социалдык тармактарда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин президент Садыр Жапаровго жол куруу иштери менен таанышкан учурда "Бета Группту” жергиликтүү компания деп айтканы социалдык тармактын колдонуучулары арасында талкуу жараткан, алар жолду курган "нарындык компания эмес" экенин белгилешкен. Министрлик буга тактоо киргизип, министр бул атамекендик, кыргызстандык компания деген мааниде айтканы белгилеген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG