Жатын моюнчасынын рагын, аялдардын дагы башка онкологиялык дарттарын алдын алуу максатында Тажикстанда 1-октябрда атайын улуттук эмдөө кампаниясы башталат.
Жыл сайын жүздөгөн аялдардан аныкталып, онкологиялык дарттан каза болгон аялдардын өлүмүнүн 80% себепкер деп аталган папиллома вирусун азайтуу максатында тажик өкмөтү 10 жаштан 14 жашка чейинки 520 000 кызды эмдөөгө жетиштүү Gardasil вакцинасын сатып алды.
Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, Тажикстанда жыл сайын орточо эсеп менен 400дөй аялдан жатын моюнчасынын рагы аныкталып, алардын жарымына жакыны бул оорудан көз жумат.
Дарттын кооптуу жагы - анын симптомдору, же белгилери далайга чейин байкалбай, өтүшүп кеткенде гана сезилиши мүмкүн.
Шерине