Шаршембиде Португалиянын борбору Лиссабон шаарында туристтер арасында популярдуу тарыхый «Глория» фуникулеру рельстен чыгып кеткенде акыркы маалыматтар боюнча кеминде 17 киши каза тапты, дагы 21 адам жаракат алды.
1885-жылдан бери жергиликтүү калк менен чет элдик туристтерди бир нече жүз метрлик аралыкка таш төшөлгөн көчөдө дөңдү көздөй өрлөп чыгарып кайра түшүргөн фуникулер эмне себептен кырсыкка учураганы азырынча так айтыла элек. 4-сентябрда Португалияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды, эл аралык китеп жарманкеси өңдүү иш чаралар өткөрүлбөй калды.
Кырсыктан Германиялык үч жашар бала аман калып, атасы каза таап, апасы оор абалда ооруканада экени кабарланды. Адатта "Глория" фуникулерунда 40тан ашуун киши саякаттайт, бир жылда орто эсеп менен ага үч миллиондон ашуун жүргүнчү түшөт.
Былтыр Португалияга 8,5 миллиондой турист келип кеткени кабарланган. 3-сентябрдагы кырсыкта жабыр тарткандардын канчасы чет элдик жарандар, канчасы жергиликтүү жашоочулар экени айтыла элек.
Шерине