Коррупцияга шектелип кармалган Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов 29-августта үй камагына чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу анын бөгөт чарасы каралган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 2-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.
Мындай өтүнүчтү сотко Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы келтирген.
Райондук сот Ормоновдун бөгөт чарасы 15-августта каралып, камакка алынганын маалымдаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Ал Ош шаарында вице-мэр болуп турган учурда жерге байланыштуу камалган деген пикирлер айтылган, бирок ИИМ козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.
Райондук сот 2-сентябрда Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин кармалганын ырастап, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгону ачыкка чыкты.
Жапарбек Ормонов 2014-2016-жылдары Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп турган кезде анын орун басары болуп иштеген.
2016-2021-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы болгон. Кийин Чолпон-Ата шаарынын мэри, 2023-жылы Ысык-Көлдүн акими болуп дайындалган.
Шерине