Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Парламенттин экс-спикерлерине макам берүү мыйзамы артка кайтарылды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына артыкчылык берүү боюнча мыйзамды артка кайтарды. Мамлекет башчынын каршы пикири 2-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында окулду.

Анда Кыргызстандын Баш мыйзамында бир гана экс-президентке өзгөчө макам берүү каралганы, анда экс-спикердин макамы жазылбаганы белгиленген.

“Бул мыйзам кабыл алынса, бул ченем башка жогорку мамлекеттик органдардын мурдагы жетекчилери тарабынан да окшош мүнөздөгү талаптардын коюлушуна алып келиши мүмкүн”, - деп жазылган президенттин каршы пикиринде.

Мындан тышкары бул макамды киргизүү каржылык чыгымдарды пайда кылары, ал 2027-жылга чейинки мамлекеттик бюджетте каралбаганы белгиленген. Ошондой элк мыйзамда каржы булагы көрсөтүлбөгөнү жазылган.

Бул мыйзам парламентте май айында кабыл алынган. Документ “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамы “Жогорку Кеңешинин экс-төрагасы” деген берене менен толукталып, бул макамга ээ болгон өзүнө жана аялына дипломатиялык паспорт алуу, аэропорт, темир жол бекеттеринен расмий кызматкерлери үчүн залдарды акысыз пайдалануу, акысыз медициналык кызмат алуу жеңилдиктери каралган.

Мыйзам долбооруна депутаттар Улугбек Ормонов, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Бактыбек Сыдыков, Исхак Масалиев, Марлен Маматалиев демилгечи болушкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG