Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Суданда жер көчкү миңдей кишинин өмүрүн алганын козголоңчулар билдиришти


Судандын уруштар уланып жаткан аймактарында тамак-аш, дары-дармек тартыштыгы күч алган.
Судандын уруштар уланып жаткан аймактарында тамак-аш, дары-дармек тартыштыгы күч алган.

Судандын батыш тарабындагы Марра тоосун этектеген бир айылды жер көчкү басып калып, кеминде миң киши каза тапканын козголоңчулар тобу кабарлады. "Суданды бошотуу армиясы" деп аталган кыймылдын өкүлдөрү көчкү айылды бир нече күн тынбай жааган жамгырдан кийин 31-августта басып калганын билдиришти.

Дарфур чөлкөмүнүн бир бөлүгүн көзөмөлдөгөн кыймыл Улуттар уюму баш болгон эл аралык коомчулукка кайрылып, топурак-таш алдында калган адамдардын сөөктөрүн алып чыгууга жардам сурады. Судан армиясы менен козголоңчулар ортосундагы уруштардан качып тоо этегиндеги Тарасин айылында баш калкалаган адамдардан бирөө гана аман калганы айтылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG