Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Ош: "Эркечтамдагы" жаңжал боюнча үч кытайлык жаран кармалды


Ош облустук ички иштер башкармалыгы 31-августта Алай районунда “Эркечтам” бажы бекетинин аймагында милиция кызматкерлери менен жаңжалдашкан үч кытайлык жаран кармалганын билдирди. Мекеме бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси менен (“Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук”) кылмыш иши козголгон.

“Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 6 чет өлкөлүк жаран күбө катары суралып, ал эми 3 чет өлкөлүк 1995-жылы туулган Л.Ж., 1977-жылы туулган Ч.Х. жана 1966-жылы туулган Ч.С. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди”, - деп жазылган билдирүүдө.

Ош облустук милициясы 31-августта “Эркечтам” бажы бекетинде жүк ташуучу унаалар турган жайда кытайлык жарандар менен Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкканын билдирген. Милиция кызматкерлери абалды жайгаруу үчүн асманга үч жолу ок чыгарган.

Бул окуядан кийин тогуз кытайлык жаран жана милиция кызматкерлери Алай райондук ички иштер бөлүмүндө сурак беришкен.

Мунун алдында Кыргызстандын милиция кызматкерлери менен кытайлык жарандардын ортосундагы жаңжалдын тасмасы социалдык тармактарга тараган.

Шерине

XS
SM
MD
LG