Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

WP: АКШ Газаны кеминде 10 жылга көзөмөлгө алууну сунуштады


Газа сектору. Август, 2025-жыл
Газа сектору. Август, 2025-жыл

АКШ Газа тилкесин бери дегенде 10 жылга көзөмөлгө алууну сунуштаганын The Washington Post тиешелүү документке шилтеме берип жазды.

Басылманын маалыматына караганда, мындай план Газанын эки миллиондон ашуун тургунун анклавдын ичине жана сыртына убактылуу көчүрүүнү камтыйт.

Газадан чыгууну чечкен ар бир палестиналыкка 5 миң доллар нак төлөө сунушталат. Мындан тышкары аларга көчүп барган жеринде ижара акыны төрт жыл бою төлөөгө, бир жылдык азык-түлүк менен камсыздоого субсидия бөлүү мерчемделүүдө.

Документте анклавдан көчүп чыккан ар бир жаранды отурукташтыруу америкалык трастка 23 миң доллардай үнөмдөөгө шарт түзөрү жазылган. Пландын демилгечилери бул каражат Газадагы убактылуу турак жайга жана жашоо менен камсыздоого жумшалмак деген жүйө келтиришкен.

АКШ президенти Дональд Трамп Газанын тургундарын башка жакка көчүрүү демилгесин бир нече жолу жарыялаган. Мындай сунушту араб мамлекеттери кескин сынга алган.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесинде туткундарды бошотуу жана АКШ менен Евробиримдикте террордук деп табылган ХАМАС тобун жок кылуу боюнча "Гедеондун арабалары" деп аталган операцияны улантууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG