Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Путиндин Кытайдагы сапары маалында визасыз режим жана жаңы газ кууру макулдашылды


Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Бейжинде жолукту.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен Бейжинде жолукту.

Кытай 15-сентябрдан тартып Орусия жарандарына 30 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берет. Орусиянын тышкы иштер министрлиги визасыз режим сыноо иретинде бир жылга киргизилип жатканын, орус жарандары Кытайга кадимки чет элдик паспортун көргөзүп кире алаарын билдирди.

Андан тышкары Шанхай кызматташуу уюмунун саммити учурунда Кытай, Орусия, Монголиянын лидерлери Орусиядан Кытайга газ ташый турган "Сибирдин күчү 2" жаңы кууру жана Монголияны аралап өтө турган "Союз-Чыгыш" транзиттик куур долбоору боюнча келишимдерди жактырышты. Бул жаңылыкты жарыялап жатып, "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер бул долбоорлор дүйнөлүк газ өндүрүшү жана экспортундагы эң ири долбоор болорун белгиледи.

Эксперттер бул долбоор аркылуу Орусия Европага сатылбай калган газды экспорттоонун жаңы багытын аныктап жатат деп эсептешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG