Чаткалдан Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз өтүп кеткен эки кыргызстандык чек арачылардын огунан каза болгону кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” 1-сентябрда Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын башчысы Каныбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, алар 1997 жана 2003-жылы туулган жарандар.
“Алар 12-августта мал издеп чыгып, эндиктин тамырын издеп жүрүп Өзбекстандын чек арасынан өтүп кетишкен. Кийин өзбекстандык чек арачыларга туш келип калган. Бул августтун 14,15инде болгон иш. Биз да алардын дайынын билбей жүрүп, жок дешкенинен Өзбекстанга издеп киришти. Сөөгүн алып чыгышты, эртең жерге берилет”, - деди Эргешов.
Айыл башчынын айтымында, каза болгондор бир туугандар.
Кыргызстандын Чек ара кызматы жана Өзбекстандын тиешелүү мекемеси бул окуя боюнча комментарий бере элек.
Былтыр октябрда Чаткалда эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп тоого кеткен 14 киши дайынсыз жоголгон. Кийин алардын сегизи аман-эсен табылып, калган алтоо кар көчкүнүн алдында калганы белгилүү болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигин куткаруучулары тартылып, алардын сөөгүн жакындарына өткөрүп беришкен.
Эндик сейрек кездешүүчү жана кызыл китепке кирген өсүмдүк. Айрым аймактарда анын тамырын казып, сатуу менен алектенген учурлар катталган.
Кыргызстан 2024-жылы бул чөптү казууга мораторий киргизген.
Шерине