Ички иштер министрлиги сертификаты жок косметикалык каражаттарды жана медициналык каражаттарды аткезчилик менен алып келип, сатып жаткан жарандар кармалганын билдирди. Мекемеге бул тууралуу кабар Telegram аркылуу түшкөн.
Териштирүү маалында бул каражаттар бажы төлөмдөрдү, салыкты төлөбөй, Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүнөн өтпөстөн алып келингени аныкталган.
Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (“Экономикалык аткезчилик”) менен кылмыш иши козголгон.
“2025-жылдын 20-августунда ИИМ кызматкерлери тарабынан 12ден ашык дарек боюнча тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана уруксаты жок ири партиядагы косметологиялык каражаттар табылып, алынды. Ошондой эле айрым адамдар тарабынан лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок көрсөтүлүп жаткан косметологиялык бөлмөлөр аныкталып, жоюлду”, - деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жыйынтыгында алты киши кармалып, соттун чечими менен камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
29-августта кылмыш иштин алкагында Бишкектеги пластикалык хирургия клиникаларынын биринде да тинтүү жүргүзүлүп, тиешелүү сертификаттары жана колдонууга уруксаты жок ири өлчөмдөгү ушул сыяктуу косметикалык каражаттар табылып, алынган. Министрлик бул клиникадагы бир дарыгерден жабыркагандардан арыз түшкөнүн, бул боюнча 1982-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынганын маалымдады.
Ички иштер министрлиги бардык жарандарды косметологиялык кызматты тандоодо этият болууга жана адистердин расмий документтерин текшерүүгө чакырат.
Кыргызстанда буга чейин пластикалык операциядан кийин абалы начарлап, адам өлүмү менен коштолгон учурлар да катталган.
2022-жылы денесиндеги ашыкча майларды сордурткан (липосакция - ред.) операциядан кийин 40 жаштагы аял каза болуп калган. Операция Art сlinic аттуу менчик клиникада жасалып, көп убакыт өтпөй келин катуу кыйналып, кийин сүйлөй албай калганын ошол кезде "Азаттыкка" айтышкан эле.
2023-жылдын башында 37 жаштагы келин пластикалык операциядан көп өтпөй өзүн жаман сезип, ооруканага жетпей каза болгон. Маркум Бишкектеги Medcenter.kg. клиникасынан маммопластика жасаткан.
Шерине