Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

Тверде репрессия курмандыктарын эскерген польшалык байкерлерге Орусияга кирүүгө тыюу салынды


"Медное" мемориалдык комплекси
"Медное" мемориалдык комплекси

Орусиянын Ички иштер министри Твердеги "Медное" мемориалдык комплексинде поляк аскерлеринин көрүстөнүндө акция өткөргөн 39 байкердин өлкөгө киришине беш жылга тыюу салды.

Аларга миграциялык мыйзамды бузганы тууралуу протоколдор түзүлгөнүн "Медиазона" билдирди.

Акция 27-августта польшалык байкерлер сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон жана 1940-жылы атылган Осташков лагеринде туткунда турган алты миңден ашуун поляк жоокери көмүлгөн бейиттин аймагында өткөн.

"Польшаны сүйөбүз"(Stowarzyszenie Kocham Polskę) бирлигинин байкерлери шам жагып, гүлчамбар коюп эскеришкен.

Орусиянын бийликти жактаган маалымат каражаттары акцияга бир нече күндөн кийин гана көңүл бура баштады. 30-августта РЕН ТВ акцияны чагым деп атаган материал чыгарган. Анда поляктар "антиорусиялык чакырыктарды таштап, шам кармаган жүрүш уюштурганы" айтылат.

Акция тууралуу кадрларда эч кандай символдор көрүнбөгөнү менен аталган телеканал байкерлерди "Бүткүл поляк жаштары" улуттук-католиктик уюм менен байланыштырган. Бийликчил телеграм-каналдар, анын ичинде Readovka жана "Рыбарь" басылмалары болсо акциянын катышуучуларын неонацисттик символду колдонду деп түз айыптап чыкты.

Мемориалдын кызматкерлери жагылган шамдарды көрүп, кишилердин добуштарын уккандан кийин полиция чакырганын билдиришкен. Мотоциклдерди туура эмес жерге токтоткондон башка коомдук тартип бузулганы тууралуу маалымат айтылган эмес.

"Медноедеги" акциядан кийин байкерлер тобу 1940-жылы туткундагы польшалык аскерлер атылган Катын токойуна, Смоленскидеги маркум президент Лех Качиньскинин учагы кыйраган жерге, Минскинин жанындагы Куропаты токойундагы сталиндик репрессиянын курмандыктары үчүн орнотулган мемориалга барышкан.

  • Поляк бийлиги 2015–2019 Жеңиш күнүнө карата мотожүрүш уюштурган Орусиянын "Түнкү карышкырлар" клубунун байкерлеринин өлкөгө киришине тыюу салган. Варшава бул чечимин "коопсуздукка коркунуч" катары түшүндүргөн.
  • Тверь облусундагы "Медное" комплекси 2000-жылы ачылган.
  • Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдан кийин Катындагы мемориалда жана "Медное" комплексинде поляк желеги алынган. 2023-жылдын октябрында "Медное" комплексинин сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон советтик жарандар көмүлгөн бөлүгүндө Сталин, Ленин, Дзержинский жана Калининдин бюсттары орнотулган. Комплекстин директору Александр Чуносов бул кадам "логикага шайкеш жана түшүнүктүү" деп айткан.
  • "Мемориал" уюму советтик башкаруучулардын скульптуралары Заманбап тарых мамлекеттик борбордук музейи менен "Медное" комплексинин директорунун буйругу менен коюлганын аныктаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG