Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзүнүн администрациясын жетектеген кызы Озода Рахмонго "эмгек сиңирген кызматкер" деген наам берди.
9-сентябрда белгилене турган Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу салтанаты 25-августта Дүйшөмбүдө өттү.
Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, анда 200дөй киши сыйланды, арасында 23 киши "Тажикстандын эмгек сиңирген кызматкери" наамын алды. Расмий кабарда сыйлык-наамдар ишинде "татыктуу жыйынтыктарды көрсөткөндөргө берилгени" жазылган.
Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттин администрациясын жетектеп келатат. 10 жыл мурда ал тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп турган кезде атасынын колунан I даражадагы "Шараф" орденин алган.
46 жаштагы Озода тогуз балалуу Эмомали Рахмондун тун кызы. Президенттин жети кызы, эки уулу бар. Алардын дээрлик баары маанилүү мамлекеттик кызматтарда отурат.
Уулу Рустам Эмомали башкалаа Дүйшөмбүнүн мэри, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы кызматын да чогуу аркалайт. Аны президенттик кызматка потенциалдуу мураскер катары атап жүрүшөт.
Ушул айда Рахмондун кенже кызы Фарзона медициналык тармакта реформалар башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган. Дагы бир кызы Рухшона Эмомали Улуу Британиядагы элчи кызматында.
2023-жылы "Озоди" Рахмондун дагы бир кызы Парвина административдик ресурстун жардамы менен алты жыл ичинде өлкөдөгү фармацевтикалык базардын лидери болгон компанияны көзөмөлдөй турганын жазып чыккан.
Зарина Рахмон болсо былтыркы жылдан бери коммерциялык "Ориёнбанктын" башчысынын орун басары болуп иштеп жатат.
Тахмина Рахмон "Аба билдирүүлөрү агенттиги" компаниясын негиздеген. Журналисттердин иликтөөсүндө бул компания Тажикстандагы авиабилеттер базарын көзөмөлдөйт.
Шерине