Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:59

Өкмөт башчы өлкөнүн ички дүң өнүмү жети айда 865,2 млрд сом болгонун айтты


Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 865,2 млрд сом болуп, 11,5% көбөйгөнүн маалымдады.

Ал бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына билдирүү калтырып, Кыргызстан ИДӨнүн өсүү темпи боюнча Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин арасында биринчи орунга чыкканын жазды.

Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, өнөр жайда өсүү 11,4%, фармацевтика 2,4 эсе, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө 49%, химиялык продукцияда 29,3, кен казууда 14,6% өсүш болгон.

“Бул абдан жакшы динамика. Курулуш сектору 37,8%, тейлөө чөйрөсү 9,8%, айыл чарбасы 2,3% өстү. Жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи жогору болууда. Жети айдын жыйынтыгы боюнча алардын көлөмү 141,9 млрд сомду түзүп, 33,4% көбөйдү”, - деп жазды.

Мындан тышкары Экономика жана коммерция министрлиги менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине эттин баасын мамлекеттик жөнгө салууну көзөмөлдөөнү жана бардык социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторингди күчөтүү тапшырмасын бергенин айтты.

Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен 11-августтан тарта анын баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG