Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:26

Жалал-Абадда никаб кийип жүргөн жети кыз-келинге айып салынды


Жалал-Абад шаарында өткөн рейд.
Жалал-Абад шаарында өткөн рейд.

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалагынын кызматкерлери рейд өткөрүп, коомдук жайларда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөн жети кыз-келинге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу” беренеси менен 20 миң сомдон айып пул салды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалагынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG