Эл аралык коомчулук Израилдин кооптуу планын айыптап, андан чукул арада баш тартууга үндөдү. Анклавдын согушка чейинки 2 миллион калкынын 90% үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
Израилдин Коопсуздук кеңеши Газа шаарын оккупациялоо планын жума күнү жактырды. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху жөөт армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине толук аскердик көзөмөл орноторун бейшембиде билдирген.
Палестин анклавында дээрлик эки жылга аяк баскан согуш уланып жатканда Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды.
Нетаньяху америкалык Fox News телеканалына курган маегинде Газа тилкесинде коопсуздук периметрин түзүп, бирок анклавды башкаруу ниети жоктугун айтты.
«Биз аны кармап тургубуз келбейт. Коопсуздук периметрин түзгүбүз келет. Биз башкарууну орнотсок деген ойдо эмеспиз", - деди Нетаньяху.
Израил премьери палестин анклавын башкарууну араб күчтөрүнө берерин айтып, бирок ал качан жана кандай механизм менен ишке ашып, кайсы араб өлкөлөрү аралашарына токтолгон жок.
Анын кеңсеси тараткан билдирүүдө жөөт өкмөтү согушту токтотуунун беш принцибин аныктаганы айтылат:
- ХАМАСты куралсыздандыруу,
- Өлүү-тирүүсүн кошуп, барымтадагы бардык туткундарды кайтаруу,
- Газа тилкесин демилитаризациялоо,
- Анклавдын коопсуздугун Израил колго алат,
- ХАМАСтын жана Палестин автономиясынын өкүлдөрү кирбеген жарандык өкмөт түзүү.
Тель-Авивиде мындай чечим Газада ок атышууну токтотуп, барымтадагы израилдик туткундарды бошотуу иши оңунан чыкпай калгандан кийин кабыл алынды. Айрым маалымат булактары Израилдин аскер башчысы бул планга каршы чыгып, чектелүү жерлерди көзөмөлдөөнү сунуштаганын кабарлашты.
Батыш өлкөлөрү террордук деп тааныган ХАМАС Нетаньяхунун планын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө "кол салуу" деп атады. Радикал топ Газаны толук оккупациялоо аракетинин куну "өтө кымбатка" турарын эскертти.
ЦАХАЛ Газа шаарына толук көзөмөл орнотууга даярданарын, аны менен катар эле кармаш жүрүп жаткан аймактардан сырткары жердеги карапайым калкка гуманитардык көмөк көрсөтүлөрүн айтты.
Азырынча гумжардамдын көлөмү көбөйтүлөбү, аны соңку маалда кескин сынга кабылган Израил менен АКШ түзгөн Газанын гуманитардык корубу же башка каналдарда таратабы белгисиз.
ЦАХАЛдын кооптуу планы качан ишке ашат?
Израилдин өкмөтү Газа шаарын толук каратып алуу операциясы качан башталарын жарыялаган жок. Изрилдик медиа армия шаарга кирерден мурун ал жерден тургундарды эвакуациялоо жүрөрүн жазды.
Жөөт өкмөтү аскердик кабинеттин жыйынында дагы бир план каралаганын, бирок ал боюнча ХАМАСты толук жок кылып, туткундарды бошотууга жеткирбейт деп чечилгени маалым болду. Журналисттердин маалыматына караганда, андай планды Башкы штабдын жетекчиси Эял Замир сунуштаган. Ал Газа шаарында атайын операция өткөрүүгө каршы экенин билдирген.
Газадагы согуштан азап чеккен палестиндер Израил өкмөтүнүн соңку кооптуу планынан коркуп турушат. Анклавдын жер которгон тургундарынын бири Махмуд ал-Курашли: "Газада оккупациялай турган деле жер деле калган жок" деди. - Эл өлүп атат, күндө жүздөгөн киши жок болот. Ага кошул-ташыл болуп тамак-аш жетпей, күнүнө 100-150 киши өлөт. Газа шаарынын батышына баарын камап салышты, ошол эле жер калды. Аны басып алабы же жокпу - баары бир".
Нетаньяхунун өкмөтүнүн жаңы планын бир катар лидерлер, эл аралык уюмдар жана Газада согушкерлердин колунда отурган туткундардын жакындары сындап, андан чукул арада баш тартууга үндөштү.
Британ премьери Кир Стармер жума күнү Тель-Авивди соңку чечимди кайра карап чыгууга чакырды.
"Мындай аракеттер жаңжалды токтотуп же туткундарды бошотууга жол ачпайт. Мындан да көп кан төгүүгө жеткирет", - деп айтылат Лондон тараткан билдирүүдө.
Сауд Арабия, Египет, Иордания жума күнү Израилдин Газа тилкесин көзөмөлүнө алып, палестиндерди эвакуациялоо планын айыптап, андай аракеттер кырдаалды курчутарын эскертишти.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Тель-Авивдин кооптуу планы терең тынчсыздануу жаратканын белгилеп, андай ниеттен тез арада кайтууга чакырды.
Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен да үн кошуп, Израилди планын кайра карап чыгууга ундөп, ок атууну токтотуу зарыл экенине басым жасады.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц мындан ары Газада колдонушу мүмкүн болгон курал-жарак Израилге сатылбай турганын жарыялады. Германия - Израилге аскердик техника, курал-жарак экспорттоо жагынан АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт.
Палестин автономиясынын бийлиги Израилдин пландалып жаткан кеңири аскердик операциясы болуп көрбөгөндөй гуманитардык алааматка алып келерин эскертти.
Бириккен Улуттар Уюму палестин анклавын Израил армиясы толук оккупациялап алса кырдаал "өтө кооптуу" болорун белгилеген.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге жасаган террордук кол салуудан 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Андан бери 148 туткун аман-эсен кайтарылды. Дагы 50дөй израилдик туткундун 20сы тирүү экени кабарланган. Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согушта 60 миңден ашуун киши каза тапканын билдирди
Шерине