2022-жылы Орусия Украинага басып кирип, согуш ачкандан бери орус армиясынын кеминде 118 139 жоокери каза тапканын Би-би-си, "Медиазонанын" журналисттери жана ыктыярчылар тобу ачык маалыматтарга таянып аныкташты. Алардын 523ү орус жарандыгын албаган 28 өлкөнүн жарандары.
Каза болгон чет элдиктердин көбү Тажикстандын (72) жана Өзбекстандын (66) жарандары. Алардын жарымынан көбү фронтко орус түрмөлөрүнөн тартылып, көбүнчө "ЧВК Вагнер" менен келишим түзүшкөн.
2023-жылдан тартып бул ишти Орусиянын Коргоо министрлиги алып барууда. Укук коргоочулардын айтымында, мигранттарга көбүнчө өлкөгө кирүүгө тыюуну алып салуу, депортациялоону жокко чыгаруу же кыска убакытта жарандык алуу үчүн согушка катышуу сунушталат.
Каза болгондордун 70и Непалдын жараны, 60тан көбү грузиялыктар, көбүнчө Түштүк Осетия жана Абхазиядан. Абхазия менен Түштүк Осетия Кавказдагы талаштуу аймактар болуп эсептелет. Учурда Абхазия менен Түштүк Осетиянын Грузиядан көз карандысыздыгын БУУга мүчө 193 өлкөнүн ичинен бешөө тааныган. Алар Орусия, Никарагуа, Венесуэла, Науру жана Сирия. Каза болгондордун арасында Украинанын 2022-жылга чейин Киев көзөмөлдөгөн аймактарында жасаган, орус түрмөлөрүндө отурган 54 жараны бар.
Орусиянын катарында согушуп жаткан аннексияланган Крым, Донецк, Луганск, Херсон жана Запарожье облустурарынын жашоочулары бул тизмеге киргизилбей, өзүнчө эсептелген.
Каза болгондордун тизмесинде Чалгын кызматынын (ЦРУ) директор орун басарынын баласы, америкалык Майкл Глосс дагы бар. Глосс келишимге 2023-жылы сентябрда кол коюп 2024-жылы апрелде каза болгон.
Мындан сырткары Түштүк Кореянын чалгын кызматынын баамында Орусиянын катарында согушкан Түндүк Кореянын 600дөй жоокери каза болушу мүмкүн. Бирок алардын тек-жайын тактоого мүмкүн боло элек.
Статистикада украин тараптын же Батыштын атайын кызматтарынын маалыматы колдонулган эмес. Орус жана чет элдик аскерлердин реалдуу жоготуулары бир кыйла жогору.
АКШнын Мамкатчысы Марко Рубио 10-июлда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан учурда орус тарап согушта 100 миң адамды жоготконун билдирген. Рудионун айтымында, Украинанын жоготуулары азыраак болгон менен "бул абдан олуттуу".
Москва дагы, Киев дагы өзүнүн жоготуулары тууралуу расмий көп айтпайт.
Шерине