Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте милиция кызматкери сулата чапкан жарандын окуясына байланыштуу түшүндүмө берди. Анда 10-июлда шаардагы Кулиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде мас абалындагы адамдар чыр чыгарып жатканы тууралуу даттануу түшкөнү, алар ошол жерге барган тартип коргоо кызматкерлерине баш ийбей жатканда күч колдонууга аргасыз болушканы айтылат.
"Окуя болгон жерге, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дароо барган учурда, бир нече жаран мас абалында коомдук тартипти бузуп, өтүп бара жаткан адамдарга асылып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп жатканы аныкталган. Алар кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, каршылык көрсөткөн. Милиция кызматкерлеринин бири, айланадагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, мыйзам чегинде белгизсиз жарандын бирине күч колдонууга аргасыз болгон. Күч колдонууга мажбур болгон учурга байланыштуу ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат",- деп жазылган маалыматта.
ИИМ ал жарандын азыркы абалы тууралуу маалымат берген жок.
Мунун алдында социалдык тармактарда милиция кызматкери көчөлөрдүн биринде машинанын жанындагы бир жаранды ээкке урганы, ал жаран ошол жерде сулап жатканы тартылган видеолор тараган жана бул талкуу жараткан.
ИИМ милиция кызматкери сулата чапкан жарандын окуясы тууралуу түшүндүрмө берди

Дагы караңыз
Шерине