Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Тажикстандагы ооган качкындары жапырт депортация болуудан коркушат


Тажикстанда башкалка тапкан ооган качкындары
Тажикстанда башкалка тапкан ооган качкындары

Коңшу өлкөдөгү ооган диаспорасы ооганстандык качкындар "15 күндүн ичинде Тажикстандан чыгып кетиши керек" деген каңшаардан улам чочулап турат. "Аму" баштаган ооган медиасы соңку маалда расмий уруксаты бардыгына карабай ооган качкындарын кармап, мекенине күчтөп жиберүү күчөгөнүн кабарлады.

Азырынча тажик бийлиги бул маалыматты ырастап же четке каккан жок. "Азаттык" радиосунун тажик кызматты коңшу өлкөнүн тышкы саясий мекемесинен түшүндүрмө сурап, бирок жооп ала элек. Ооганстандын Дүйшөмбүдөгү элчилиги жана ооган мигранттарынын "Ориёно" коому депортация ыктымалдыгы тууралуу эч кандай маалымат албаганын билдирди.

Ага карабай Вахдат, Рудаки райондорунда жана Дүйшөмбү шаарында ооган качкындары эки аптанын ичинде кетпесе, алар мажбурлап чыгарыла турганы тууралуу смс-билдирүүлөр келе баштады.

"Азаттыктын" журналисттери байланышкан мигранттар такай кооптонуп турушканын билдирген.

Ар кандай маалыматтарга таянсак, Тажикстанда 10-13 миң ооган жараны башкалкалайт, алардын көбү мурдагы мамлекеттик, аскер кызматкерлери, коомдук ишмерлер. Алар 2021-жылы "Талибан" кыймылы бийликти басып алганда өлкөсүн таштап, качып чыккандар. Качкындар коопсуздугунан улам мекенине кайтып баруудан коркушат.

"Талибан" өкмөтүнүн миграция министрлиги май айынын этегинде Тажкистандан 49 ооган жараны чыгарылганын билдирди. БУУнун Качкындар комиссариаты тажик бийлигин эл аралык укукту эске алып, качкындарды мажбурлап чыгарууну токтотууга үндөгөн.

Соңку айларда Иран 700 миңден ашуун, Пакистан он миңдеген ооганстандыкты депортациялады.

Шерине

XS
SM
MD
LG