Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-июлга чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14...19, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

​Бишкекте ала булут каптап турат, өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 27…29 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз 14 метрге жетет.

Шерине

XS
SM
MD
LG