Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Орусиянын Киевге соккусунан киши өмүрү кыйылып, бир нечеси жабыркады


Киев, 10-июль, 2025
Киев, 10-июль, 2025

Орусиянын армиясы 10-июль түнү Киевге кайрадан учкучсуз учактар жана ракета менен сокку урду. Киев шаардык администрациясы эки киши набыт болгонун билдирди. Калаа мэри Виталий Кличконун айтымында, 16дан кем эмес киши жараат алды. Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат эки адам каза болуп, 12си жараат алганын кабарлады.

Киев жана Киев облусуна абадан сокку дээрлик 10 саатка созулган.

Орусиянын Украинадагы толук масштабдуу согушу башталганына 3,5 жылга чукулдап баратат. Согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG