Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Ташиев кадр саясатына кийлигишет деген ЖК депутаттарынын атын атады


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кадр саясатына аралышып жатканын билдирди.

Ал 9-июлда Ошто мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында айрым эл өкүлдөрүнүн атын атап, аларды кадр саясатына кийлигишпөөнү, жергиликтүү бийлик башчыларына буга жол бербөөнү эскертти.

Ташиев анда депутаттар Надира Нарматованы, Бакытбек Мариповду, Улан Примовду, Данияр Төлөновду, Таалайбек Сарыбашевди, Улугбек Ормоновду мисал кылып, алардын кайсы бир кызматка дайындоого, иштен алууга аралашкан учурлары болгонун айтты.

"Урматтуу мамлекеттик органдын жетекчилери, силердин ишиңерге эч ким кийлигишпеши керек. Жогорку Кеңештин депутаттары, келип алып "тигини кызматка кой, тигини кызматтан ал" дегенди токтоткула! Жогорку Кеңештин депутаттары кайсы кадр маселерине кийлишкени тууралуу менде маалыматтар бар. Ушул маселелерге кийлигиштирбегиле. Эгер дагы кайталанса биз чечимдерди кабыл алабыз. Муну жакшылап карап, жол бербегиле", - деди Ташиев.

Аты аталган депутаттар Ташиевдин соңку билдирүүсү тууралуу үн ката элек.

Парламент депутаттары айрыкча өздөрү шайланып келген аймактарда кадр саясатына ачык жана тымызын кийгилишери тууралуу буга чейин дагы бир топ сын-доомат айтылып келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG