Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Султан Кермалиев Балыкчыга, Азамат Арнабек уулу Чолпон-Атага мэр болду


Султан Кермалиев жана Азамат Арнабек уулу. Коллаж.
Султан Кермалиев жана Азамат Арнабек уулу. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров Азамат Арнабек уулун Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотуп, ордуна Султан Кермалиевди дайындады. Бул тууралуу жарлык 2-июлда жарыяланды.

42 жаштагы Арнабек уулу Балыкчы шаарын 2022-жылы октябрдан бери жетектеди. Мындан бир күн мурда Ысык-Көл райондук администрациясы Чолпон-Ата шаарына Арнабек уулу мэр болуп дайындалганын маалымдаган.

Шаардын ага чейинки мэри Данияр Сатаров 23-июнда өз каалоосу менен кызматын тапшыруу боюнча арыз жазган.

36 жаштагы Султан Кермалиев буга чейин Чолпон-Атада көл жээгине комуздун формасында пирсти, грек мифологиясындагы каармандар Зевс жана Посейдондун скульптурасын тургузган.

Шерине

XS
SM
MD
LG