Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

"Верстка": Украинада согуш башталганы 459 киши Орусиянын Баатыры наамын алган


Орусиянын президенти Владимир Путин аскерлерге сыйлык тапшыруу аземинде, 23-февраль, 2025-жыл
Орусиянын президенти Владимир Путин аскерлерге сыйлык тапшыруу аземинде, 23-февраль, 2025-жыл

2022-жылы Орусия Украинага ар тараптан басып кирип, согуш ачкандан бери 459 киши Орусиянын Баатыры наамын алган, алардын ичинен 217не сыйлык өлгөндөн кийин ыйгарылганын "Верстка" басылмасы эсептеп чыккан.

Расмий буйруктар ачык жарыяланбагандыктан журналисттер орусиялыктар эмне эрдиги үчүн сыйлыкка татыганын аныктай алган жок.

Орусиянын Баатыры наамын ыйгарылгандардын 434ү аскер кызматкерлери. Басылманын маалыматына караганда "Алтын жылдыз" алгандардын ичинен 37% - кенже офицердик наамы барлар, 13% - майорлор, 11% - сержанттар, 11% - катардагы аскерлер, 10,5% - полковниктер.

Жогорку наамга татыгандардын бири - генерал-майор Андрей Буйлов. Ал 2023-жылдан бери 15-гвардиялык аткычтар бригадасын жетектейт.

"Верстка" жазгандай, бул бригада Украинада "кызыл кыргынга" кабылып, согуш башталганы 12 миң жоокеринен ажыраган. Материалда "Буйлов бригаданын командири болуп дайындалгандан кийин аскерлердин өлүмү өтө көбөйгөнү" белгиленет.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен аскер кадрлары үчүн "Баатырлардын мезгили" деген программа иштелип чыгып, алар ар кандай кызматтарга дайындалат. Оренбург облусунун аймактык жана маалыматтык саясат министринин орун басары Нурсултан Муссагалеев - 76-десанттык-чабуул дивизиясынын 104-полкунун мурдагы командири. Киев Муссагалеевди Бучадагы кыргын үчүн айыптаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG