Ош шаарында көчөлөрдү кеңейтүү үчүн бузулган турак жайлардын ээлери үчүн 520 тамдын курулушу 1-июлда башталды. Бул долбоор үчүн 54 гектарга жакын жер Кызыл-Кыштак айыл аймагынынан бөлүнгөн. Үйлөрдүн курулушун кытайлык “Куньлунь” компаниясы жүргүзөт.
Буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы конушка “Эки дос” деген аталыш берүүнү сунуштаганы талкууга түшкөн. Шаар башчысы "Азаттыкка" жаңы конуш “Эне-Сай” деп аталып, турак үйлөрдүн 300дөн ашыгын сентябрга чейин бүтүрүү ниети бар экенин айтты.
“Кытайлык компания бизге 520 турак үй куруп берет. Негизи ал турак жайлардын жарымы эле үйлөрү сүрдүрүлгөндөргө берилет. Биз жарымын запас катары кармап турабыз. Кытайлык компанияга үй куруп бергени үчүн алмашуу жолу менен 20 гектар жер берип жатабыз”,- деди шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев.
Шаар башчысы кытайлык компанияга жер шаардын ичинен берилгенин тактады.
Ошко январдын соңунда мэр болуп келген Жеңишбек Токторбаев “кызыл сызыкка” чыгып кетти делген курулуштарды бузуу өнөктүгүн кызуу жүргүзүп, айрым учурда мунун мыйзамдуулугу дагы кызуу талкуу жараткан.
Нааразылык билдирген жарандар мэрияда кенемте да талап кылышкан.
Шерине