Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:11

АКШ Украинага курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтотту


Кошмо Штаттар Украинага курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтотконун CBS телеканалы билдирди.

Басылма келтирген Ак үйдүн өкүлүнүн билдирүүсүндө Коргоо министрлиги АКШнын башка өлкөлөргө көрсөтүп жаткан аскердик жардамын карап чыккандан кийин, Американын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюу чечими кабыл алынды.

CBS каналына АКШнын администрациясындагы булактардын бири түшүндүргөндөй, мындай чечим АКШнын аскердик кампаларында курал-жарактын азайып кетиши боюнча тынчсыздануудан улам кабыл алынган.

Курал-жарактын кайсы түрү жөнүндө сөз болуп жатканы расмий айтылган эмес. NBC News Пентагондогу жана Конгресстеги булактарына шилтеме кылып жазгандай, АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Украинага багытталган ракета менен ок-дарылардын бир партиясын жөнөтпөөнү буйруду. Бул партияда Patriot абадан коргонуу системасынын ракеталары, снаряддар, Hellfire жана башка ракеталар болгон.

Бул курал-жарактарды берүү чечимин мурдагы президент Жо Байдендин администрациясы кабыл алган. АКШнын коргоо министри Пит Хегсеттин көрсөтмөсү боюнча курал-жарак берүүнү токтото туруу бир нече жума мурда башталган америкалык курал-жарак кампаларына байкоо жүргүзүү аяктаганга чейин уланмакчы.

Американын курал-жарак запасы Украинага көрсөтүлгөн аскердик жардамга жана Йемендеги хуситтерге каршы операцияга жана Жакынкы Чыгыштагы соңку жаңжалдарга байланыштуу азайып кеткен.

Соңку айларда украин шаарларына орус күчтөрүнүн абадан соккулары көбөйгөнүнө байланыштуу Киев Батыштагы өнөктөштөрүнө кайрылып, абадан коргонуу системаларын берүүсүн өтүнүп келет. Өткөн аптада Гаагада НАТОнун саммитинен кийинки басма сөз жыйынында президент Дональд Трамп АКШ Украинага Patriot системаларынан дагы кошумча берүү жагын карап жатканын, бул курал-жарак Израилге берилип жатканын жана аны “жеткирүү кыйын экенин”, АКШнын өзүнө да керек экенин билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG