Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Чүйдөгү Такыр-Төр көлү ташып, 950 тургун коопсуз жерге чыгарылды


Кыргызстандын тоолорундагы көлдөрдүн картасы
Кыргызстандын тоолорундагы көлдөрдүн картасы

27-июнда Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Такыр-төр көлү жырылып, аймактагы Алмалуу, Төмөнкү Серафимовка жана Кебек бий айылынан жалпысынан 950 тургун коопсуз жерлерге чыгарылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев соцтармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда Алмалуу айылынан 420 адам эвакуацияланып, Ноорус айылындагы мектеп менен мечитке убактылуу жайгаштырылды.

Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндө жашаган 290 киши Туз айылындагы мектепте, маданият үйүндө жана мечитте убактылуу башкалкалап турат. Ал эми Кебек-Бий айылынан 240 тургун Тогуз-Булак айылындагы мектепке жана мечитке жеткирилди.

Министр Ажыкеев бул айылдарга электр жарыгы берилгенин, учурда кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдады.

Чүй: Такыр-Төр көлү ташып, тургундар эвакуацияланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:41 0:00



Ысык-Атадагы Такыр-төр көлү жума күнү түштөн кийин жырылып, андан аккан суу төмөнкү аймактарды каптай баштаган.

Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда экени белгилүү. Тоодогу кооптуу көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG