Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:02

Такыр-Төр көлүнө байланыштуу кырдаал: Айыл аралык жол убактылуу жабылды


Такыр-Төр көлүнөн агып чыккан кыяндын изи. Өкмөт тараткан сүрөт.
Такыр-Төр көлүнөн агып чыккан кыяндын изи. Өкмөт тараткан сүрөт.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлүндөгү абалга байланыштуу Алмалуу жана Тоолуу Серафимовка айылдарынын ортосундагы унаа жол убактылуу жабылып, атайын посттор уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-июнда кабарлады.

Мекемеден такташкандай, агып жаткан суу токтоп, коркунуч жоюлгандан кийин тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Жеринде ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ (5 кызматкер), 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, №43 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 манипулятор, суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, жергиликтүү бийликтен 2 экскаватор, жалпы 7 техника даярдыкта турат.

Такыр-Төр көлү 27-июнь түштөн кийин жырылып, аймактагы Алмалуу, Төмөнкү Серафимовка жана Кебек бий айылынан жалпысынан 950 тургун коопсуз жерлерге чыгарылган.

Маалыматка караганда Алмалуу айылынан 420 адам эвакуацияланып, Ноорус айылындагы мектеп менен мечитке убактылуу жайгаштырылды. Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндө жашаган 290 киши Туз айылындагы мектепте, маданият үйүндө жана мечитте убактылуу башкалкалап турат. Ал эми Кебек-Бий айылынан 240 тургун Тогуз-Булак айылындагы мектепке жана мечитке жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев соцтармактагы баракчасындагы билдирүүсүндө бул айылдарга электр жарыгы берилгенин, учурда кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кечке жуук аткаминерлер менен чогуу тик учак менен чыгып, Такыр-Төр көлүндөгү кырдаалды көрүп кайткан. Ал коркунучту жоюу боюнча тапшырмаларды берген.

Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда экени белгилүү. Тоодогу кооптуу көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG