Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Парламент ЖМК мыйзам долбоорун дароо эки окууда колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Документке экинчи окууда 58 депутат “макул”, эки эл өкүлү “каршы” добуш берди. Ушул эле долбоорду үчүнчү окууда 57 депутат колдосо, үч эл өкүлү каршы болду. Документ эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Жыйында депутат Элдар Абакиров мыйзам долбооруна көз карандысыз журналисттер, юристтер каршы чыгып жатканын айтып, парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетине экинчи окууга кайтаруу демилгесин көтөрдү. Жазуу жүзүндө сунуш болбогондуктан вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев документти добуш берүүгө койду.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыккан жумушчу топтун бир катар мүчөлөрү президент Садыр Жапаровго кайрылып, документке Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде экинчи жана үчүнчү окууда киргизилген өзгөртүүлөргө тынчсыздануусун билдирген.

Кайрылууда 2024-жылы президент журналисттер менен жолуккандан кийин түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоорунун алтынчы варианты жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө сала турган, адам укуктарын сактоо боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерине да жооп берген компромисстүү долбоор болгону белгиленген. Бирок парламенттин айрым депутаттарынын демилгеси менен киргизилип жаткан өзгөртүүлөр буга чейин жасалган ишти жокко чыгарганы сынга алынган.

2024-жылы март айынын башында Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМК менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан. Көп өтпөй мамлекет башчынын тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоору артка кайтарылган.

2022-жылдан бери талаш-талкуу жаратып келаткан долбоор артка кайтарылгандан кийин аны кайрадан иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик медианын өкүлдөрү, эркин журналисттер, юристтер кирген жумуш топ түзүлгөн.

Ал иштеп чыккан документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейин ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, жумушчу топ иштеп чыккан вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталган.

Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыккан. Бул вариант Жогорку Кеңештен биринчи окуудан өткөн.

Бирок 16-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда бир топ өзгөртүүлөр менен кабыл алынды.

Анда өлкөдөгү бардык медиалар милдеттүү түрдө катталууга тийиш деген норма киргизилди. Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартибин Министрлер кабинети белгилей турганы көрсөтүлгөн. Мурдагы долбоордогу “менчик ээси” деген сөздөр “уюштуруучу” деп өзгөртүлө турган болду.

Мындай өзгөртүүлөрдү депутаттар Айбек Маткеримов, Алишер Эрбаев, Илимбек Кубанычбеков, Эрнис Айдаралиев жана Советбек Рустамбек уулу сунуштаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG