Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ «Израилдин Иранга каршы кылмыштарында шерик болгону үчүн» өлкө жетекчилиги Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирди.
Рейтер агенттиги кабарлагандай, министр ирандык телеканалга «Израилдин агрессиясы токтомоюнча биз менен сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес», - деп айтты.
Жума күнү Аракчи Женевада Британия, Франция жана Германиянын башкы дипломаттары менен кездешүүгө тийиш.
Мунун алдында Ак үй Вашингтон Ирандагы абалга кийлигишүү боюнча чечимди жакынкы эки жума ичинде кабыл аларын билдирген. Маалыматка караганда, эки жума деген мөөнөт сүйлөшүү өткөрүү ыктымалдыгын эске алуу менен аныкталды.
Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт президент Дональд Трамп Ирандын маселесин дипломатиялык жол менен чечүүнү кааларын, бирок «күч колдонуудан да коркпой турганын» кошумчалады.
Аракчи ошондой эле Иран Газадагы ооруканаларга сокку урган Израилден айырмаланып эл жашаган райондорду, өзгөчө ооруканаларды бутага албаганын айтты.
19-июнда Ислам жумуриятынын аскерлери Израилге ракетадан сокку урганда дүрмөттөр өлкөнүн түштүгүндө орун алган Беэр-Шевдеги оорукананын жанына кулаган, бир нече киши жараланган.
Ирандын куралдуу күчтөрүнө жакын Tasnim агенттиги ракета соккусу «израилдик армиянын Гав-Ям технологиялык паркындагы командалык-чалгын борборуна жана аскердик чалгынчылардын лагерине» каршы багытталганын, ал жай ооруканага жакын жайгашканын билдирген.
Шерине