Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Аргентина Москванын таасирин жайылткан орусиялык топ аныкталганын билдирди


Аргентинанын Улуттук чалгын кызматынын имараты. Буэнос-Айрес
Аргентинанын Улуттук чалгын кызматынын имараты. Буэнос-Айрес

Аргентинанын Улуттук чалгын кызматы орусиялык тыңчылардын түйүнүнүн бетин ачты. Маалыматка караганда, алар “Москвага лоялдуу адамдардан турган топ түзүп, жалган маалымат таратууну жана аргентиналык өкмөткө каршы операцияларды жүргүзүүнү максат кылган”. Президенттин расмий өкүлү Мануэл Адорнинин бул сөздөрүн кабар агенттиктери келтиришти.

Маалыматка караганда, орусиялыктар социалдык тармактарда контент жаратып, постторду жарыялап, жергиликтүү жарандык уюмдар менен фонддордун, бейөкмөт түзүмдөрдүн ишине таасир этүүгө аракеттенген.

Аргентиналык атайын кызматтын маалыматына ылайык, схемага бул өлкөдө жашаган орусиялык жубайлар Лев Андриашвили жана Ирина Яковенко аралашкан. Алар түйүндү каржылоого жана жергиликтүү активисттер менен байланыш түзүүгө жооп берчү.

Иликтөө жубайларга тиешеси бар "Компания" деген уюмдун "Вагнер" жалданма аскерлер компаниясынын түптөөчүсү, маркум Евгений Пригожиндин “Лахта” долбоору менен байланышын аныктаган.

Адорни тергөөнүн купуялуулугун жүйө келтирип, шектүүлөрдүн кармалып же кармалбаганын айткан жок.

Акыркы кезде Орусия Түштүк Америкада өз тыңчылар түйүнүн кеңейтип жатат деген маалыматтар көп чыгууда.


Шерине

XS
SM
MD
LG