Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:41

Ажылык сапарга кеткендердин алгачкы тобу кайтып келди


Ажылык сапардан кайтып келгендерди тосуп алуу. Ош аэропорту. 13-июнь, 2025-жыл.
Ажылык сапардан кайтып келгендерди тосуп алуу. Ош аэропорту. 13-июнь, 2025-жыл.

Сауд Арабиясына ажылык сапарга кеткен кыргызстандыктардын алгачкы тобу мекенине кайтып келди.

13-июнь күнү аларды Ош аэропортунан облус казысы Абибилла Кадырбердиев жана шаар казысы Самидин Атабаев баштаган диний кызматкерлер, ажылардын жакындары тосуп алышты. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы маалымдады.

Кыргызстандан быйыл ажылыкка 6 миңдей жаран барды.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 доллар деп бекитилген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG