Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:48

УКМК кыргыз паспортун алуу үчүн документ даярдоодо коррупциялык схема аныкталганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) чет өлкөлүктөргө кыргыз жарандыгын алуу үчүн документтерди даярдоодо коррупциялык схема аныкталганын 13-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен ортомчулар чет өлкөлүк жарандардан опузалап пара алып турганы белгилүү болгон.

“М.Д.М., А.Э.А., М.З.А. жана С.к.С. чет өлкөлүк жарандар менен байланыш түзүп, Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча өз кызматтарын сунуштап, бул үчүн 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан”, - деп жазылган маалыматта.

Шектүүлөр акча каражатын которуу учурунда кармалып, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги чет элдиктерге кыргыз жарандыгын берүүдө “пара алган фактылар жок экенин” 3-мартта “Азаттыкка” билдирген. Мекеменин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы шек жараткан маалыматтарга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, шектүү жана кылмыш курамын камтыган ар бир маалыматты текшерип турарын тактаган.

(

Шерине

XS
SM
MD
LG