Казакстан парламентинин жогорку палатасы "Укук бузууларды алдын алуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунуштады. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык коомдук жайларда паранжа, никаб жана бетти толугу менен жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө бир гана медициналык муктаждык, жарандык коргонуу, мыйзам талабы, катаал аба ырайынын шарттары же спорттук жана маданий иш-чаралар учурунда гана бетти жапкан кийим кийүүгө уруксат берилери белгиленген.
Президент Касым-Жомарт Токаев быйыл март айында өткөн Улуттук курултайдын жыйынында бети жабылган кара кийимдердин ордуна улуттук стилдеги кийимдерди жайылтуу зарылдыгын белгилеген.
"Жүздү жаап турган кара кийимдердин ордуна улуттук стилиндеги кийимдерди кийүү алда канча туура. Биздин улуттук кийим этникалык өзгөчөлүктү көрсөтөт",- деген ал.
Казакстандын Конституциясына ылайык, өлкө демократиялык, светтик жана укуктук мамлекет болуп эсептелет. Баш мыйзам жарандарга дин тутуу эркиндигин кепилдейт.
Кыргызстандын президенти быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.
Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (AiA)
Шерине