Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Кыргызстан Намибиянын паспортторун жасап, биринчи бөлүгүн жөнөттү


Каныбек Туманбаедин Намибиянын өкүлдөрү менен жолугушуусу. 10-июнь, 2025-жыл. Бишкек, Кыргызстан.
Каныбек Туманбаедин Намибиянын өкүлдөрү менен жолугушуусу. 10-июнь, 2025-жыл. Бишкек, Кыргызстан.

Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому менен Түштүк Африкадагы Намибия Республикасынын ортосунда 130 миң даана биометрикалык паспорт чыгаруу боюнча биринчи келишимдин негизинде документтер даярдалып, аталган өлкөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, Намибия тарап чыгарылган документтердин сапатына жогорку баа берип, ыраазычылыгын билдирген.

10-июнда аталган өлкөнүн расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи контрактты түзүү боюнча расмий жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле алар башка тармактарда да “Учкун” менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Кыргызстан жакын арада алты чет мамлекеттин паспортторун чыгара баштай турганын 31-мартта жар салган. Ал ошол маалда Гана жана Намибия менен келишим түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстан өзүнүн жалпы жарандык паспортторун жана ID-карталарын буга чейин башка мамлекеттердин заводдорунда чыгартып келген. 2023-жылдан тарта документтер “Учкун” басмаканасында басылып чыгарыла баштаган.

"Учкун" мамлекеттик басмаканасы мурдараак башка мекемелер менен чогуу Президенттин Иш башкармалыгына өткөн. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG