"Өзбек тилдүү мектепте кыргыз тилдүү класс ачтык"
51 жаштагы Одина Кочкорова Ош облусунда кыргыз тилдүү мектепти бүтүрүп, кыргыз тили жана адабияты боюнча жогорку билим алган. Ал 2011-жылдан бери Ош шаарындагы Амир Темир кичи районунда (шаардыктар Он-Адыр деп аташат) №47 мектепте кыргыз тилинен сабак берет. Кочкорова бул мектепке жумушка келгенде кыргыз тилчи мугалимдердин дээрлик баары кыргыз улутунан эле. Өзбек тектүү тилчилер саналуу болчу.
"Кыргыздар менен аралашып, кыргыз дос күтүп, кыргыз тилинде эркин сүйлөп эле чоңойгом. Анан бул мугалимдик кесипке келип калдым. Мен жаңы иштеп баштаганда улуту өзбек кыргыз тилчи мугалимдер дээрлик жок болчу. Мени менен кошо бир-эки гана эже бар эле. Он-Адырдагы азыркы мектепке келгенде кыргыз тилинен сабак берген төрт мугалим болчу — үчөө кыргыз, арасында жалгыз өзбек мен болчумун".
Амир Темир кичи районунда жалпы 10 мектеп бар. Кочкорова иштеген мектептеги 850дөн ашык окуучунун басымдуу бөлүгү да өзбек тектүү бүлөдөн. Мугалим 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийинки жалпы маанай жөнүндө мындай эскерди:
"2011-жылы мен Он-Адырга Оштун башка районунан каттап келип иштечүмүн. Ал кезде Онадырлыктар шаарга түшкөндөн да айбыгып калган. Балдарда да ар кандай сезимдер бар болчу. Бир аз коркуу, ишенбестик, өзүн обочолонтуп туруу… Мен сабакты "мамлекеттик тил деген эмне?", "кыргыз жараны деген ким?" деген суроолор менен баштачумун. Өзүм ачык мисал болгум келди. "Мына, мен деле силердей эле, улутум — өзбек, жарандыгым — кыргыз, сүйлөгөн тил — мамлекеттик тил" деп улам-улам кайталап айтчумун. Балдарга мамлекеттик тил аркылуу атуулдукту түшүндүргүм келди. Кээде шаардын башка райондоруна да алып чыгып жүрдүм. "Мамлекеттик тилди билсеңер — эч нерседен коркпойсуңар. Тилди билсеңер — эркин болосуңар", деп көп айттым. Ушул күнгө чейин бир да баладан кыргыз тилин үйрөнбөйм деген сөз укккан жокмун. Чындыгында элдин ынтымагын бекемдегенге тилдин салымы өтө чоң. Бири-бирин түшүнүү менен гана чыныгы ынтымак болот. Азыр муну түшүнгөндөр көбөйүп жатканы мени сүйүндүрөт. Он-Адырдын өзүндө эле мен сыяктуу бир нече өзбек мугалим бар, алар да кыргыз тилинен сабак берип жүрүшөт."
Өткөн окуу жылында Одина Кочкорова иштеген мектепте кыргыз тилинде окуткан атайын класс ачылган. Ал жерде бардык сабактар кыргызча өтөт. Кочкорованын айтымында, ата-энелер бул демилгеге активдүү кошулуп, балдарын кыргыз тилдүү класска берүүгө кызыкдар болуп жатышат.
"Былтыр жаңы алган окуучуларыбыз биринчи классты аяктап, экинчи класска көчтү. Ал жерде сабактардын баары жалаң кыргыз тилинде өтөт. Былтыр өзбек класска да, кыргыз класска да кабыл алганбыз. Кызыгы, кыргыз тилиндеги классты 20 бала бүтүрдү, өзбек тилинде 13 бала болду. Бул ата-энелердин да кыргызча окутууга кызыкдар экенин көрсөтүп турат. Быйыл да кыргыз тилинде жаңы класс ачтык. Жазылгандар көп болуп жатат. Кээде менин сүйлөгөнүмдү угуп, кебетемди көрбөй туруп, эл мени кыргыз деп ойлойт. Мен болсо дайыма айтып келем: "Өңүм өзбек, тилим кыргыз". Жараны болгон мекенимдин мамлекеттик тилин билип, ушинтип жашап жатканыма сыймыктанам."
Одина Кочкорова Он-Адырдагы өзбек жана кыргыз жамаатынын ортосундагы мамиле акыркы жылдары бир топ өзгөргөнүн белгилейт. Анын айтымында, этностук ажырым байкалбай, эл бири-бирин түшүнүп, аралаш жашоого көнө баштады.
Кочкорова сыяктуу жөнөкөй мугалимдердин эмгеги бул жараянда өзгөчө мааниге ээ.
"Атам өзбек элиндей, энем кыргыз элиндей"
2010-жылы болгон июнь окуясында өзгөчө этностор аралык аралаш үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн оор болгон. Алардын бири 30 жаштагы Ислам Ахмедов.
Ислам ал учурда Ош шаарындагы мектепте 10-класста окучу. Атасы — өзбек тектүү, апасы — кыргыз.
"Ошол учурду эстей турган болсом, мага аябай оор болгон сезимдер эске келет. Анткени мен же кыргызга, же өзбекке аралаша албай калганымды сезгем. Апам кыргыз кызы, Нарындан болот. Атам Ошто чоңойгон өзбек. Эки эл тең мага жакын болчу. Өзбек элин атамдай, кыргыз элин апамдай жакын көрчү элем. Ошол окуялар учурунда эмнеге мен аралаш үй-бүлөдө төрөлдүм экен деп ыйлагам. Жаш болгон үчүн да, балким, абдан сезимтал кабыл алгам."
Ислам кийин университетте окуп жүргөндө Оштогу активисттердин катарына кошулган. Анын башкы максаты жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болгон.
"Мен ошондо эле калкынын басымдуу бөлүгү кыргыздар болгон Жапалак менен өзбектер басымдуулук кылган Он-Адырды бириктиргим келчү. Бирине барып топу кийип, Анжиян полькасын бийлесем, экинчи жакка барып калпакты кийип, Манас айтып баштачумун. Эл улутчулдук менен патриоттулуктун айырмасын билип калса деп ойлочумун. Элди мен бир үй-бүлөнүн балдарына салыштырам. Бир үйдө жашаган балдар деле бирдей болбойт го, бир мамлекетте жашаган эл дагы бир кылка болбойт экен. Бирок бири-бирин угуп, түшүнүп жашашы — ошол ынтымакты сактаган нерсе."
Ислам Ахмедов учурда Ош шаарындагы юридикалык компанияда иштейт. Ал өзү да өзбек-кыргыз аралаш үй-бүлөнүн кызына үйлөнгөн.
"Мен өзүм аралаш үй-бүлөнүн кызына үйлөнсөм, иним Баткенден кыргыз кызын алды. Биздин үй-бүлөдө кайсы бир элдин салты менен гана жашаш керек деген түшүнүк жок. Ар кимдин тандоосу, каалоосу урматталат. Бул нерсе өтө маанилүү деп ойлойм."
Анын айтымында, аралаш үй-бүлөдө чоңойгону азыркы кесибинде да чоң артыкчылык болуп берди. Юрист катары ар улуттагы адамдар менен иш алып барат.
"Мен өзүм аралаш үй-бүлөдөн болгонума ишиме да абдан ыраазымын. Өзбек маалеси болобу, же кыргыз айылы болобу, баарынын тилин, түшүнүгүн, салтын аз-аздан билем. Туура сөз табуу, жардам берүү жеңил болот. Мен сыяктуу адамдардын элдин ынтымагын бекемдөөдө вазыйпасы чоң экенине көзүм жетти. Анткени мен бир өзбекке жардам берсем, ошол эле учурда бир кыргыздын өзбекке болгон көз карашы өзгөрөт. Кыргызга жардам берсем, өзбектин көз карашы өзгөрөт. Алардын бири-бирине болгон ою бир пайыз эле жакшы жакка өзгөрсө, максатыма жеткен болом."
Ошто Ислам сыяктуу аралаш үй-бүлөдө төрөлгөн жана эки элдин маданиятын бирдей сактап жүргөн жаштар арбын.
"Өзбек кошуналарыма нан ташыганым эсимде"
Жашы сексенди таяп калган Анаркүл Машаева Жалал-Абад облусунда көп жылдан бери коомдук иштерге катышып келе жаткан активист. Ал 2010-жылдагы Июнь коогасында элди тынчтыкка чакырган иш-чараларды демилгелегендердин бири. Мурдагы мугалим, "Эл агартуунун отличниги" Машаева ал күндөрдү азыр да унутпайт.
"Ошол күндөрү эл эмне болду деген ойго дароо келдим. Көбү үйүнөн чыкпай отурушкан. Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө кары-картаңдар көп болчу. Арасында өзбектер, орус улутундагылар да бар эле. Мен кошуналарым менен кеңешип, нан чогултуп шаарга түштүм. 40-50дөй нанды элге таратканыбыз эсимде. Андан кийин башкалар да бул демилгени улап, ун алып келип, нан жаап тарата башташты".
Анаркүл Машаева 2000-жылдан бери Багыш айыл өкмөтүнүн аялдар комитетинин төрайымы болуп иштейт. Ал ошол тажрыйбасына таянып, коогалаң маалында “Энелер тынчтыкты каалайт” деген ат менен аялдардын демилгечи тобун түзгөн. Башында топко болгону 14 аял кирген.
"Башында аялдарды топтоо оор болду ."Атып койсо эмне болот?" деп корккондору көп болчу. Бирок коркпой чыгып, көчөлөрдү, айылдарды кыдыра баштадык. Улуттук кийим кийип, кыргыз жана өзбек тилдеринде ырларды жаттап, элге кайрылуулар менен чыктык. Башында ыр ырдап, элди чогултуп, андан соң тынчтык жана ынтымак тууралуу насаат айтчубуз. Биз барган айылдардын айрымдарында өзбек аялдар үйлөрүнөн чыгып, келген энелерди кучактап ыйлашкан. Үйлөрү талкаланып, балдарын көтөрүп турган аялдарга да колдоо керек эле. Жергиликтүү бийлик да биздин аракетибизди колдоп, Ошко да чакырган учурлар болгон. Анткени ал учурда бийликтин, укук коргоо органдарынын ролу башка, биз сыяктуу жөнөкөй элдин ролу башка болчу."
Учурда да "Энелер тынчтыкты каалайт" тобу ишин улантып жатат, бирок эми алар "Бактылуу карылар тобу" деген ат менен белгилүү. Топко кошулган аялдардын саны 25тен ашты, алардын арасында өзбек жана кыргыз улутундагылары аралаш. Бул топ азыр коңшу өлкөлөр менен да алака түзүп, эл аралык деңгээлде иш жүргүзө баштады.
"Топто азыр 25тен ашык аял бар. Кыргыз, өзбек аялдары аралаш. Мурункудай эле ишибизди улантып жатабыз. Эми биз өлкө ичинде эле эмес, коңшу өлкөлөргө да бара баштадык. Азыр маселен, Өзбекстандын Наманган облусуна даярданып жатабыз. Ал жакка да өзбек жана кыргыз тилдеринде ырларды, кайрылууларды даярдап жатабыз. Элдин арасында ынтымак болсун деген тилек менен иштейбиз. Биз элдин жүрөгүнө жетүү үчүн сөзүбүздү, ырыбызды, жүрүм-турумубузду чын ыкластан даярдайбыз. Ошондо гана таасири болот деп ишенебиз."
2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. Июнь окуясы деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам набыт болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Кыргыз бийлиги Июнь окуяларынан кийин улут аралык мамилени чыңдоо багытында эки концепция кабыл алган. Анын алкагында өлкөдө жашаган ар кыл улуттардын башын кошуу, ынтымакты бекемдөө, этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнүн укугун коргоо, мамлекеттик тилди жайылтуу жаатында бир топ иштер белгиленген.
Шерине