Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Путин Зеленский менен жолугуудан баш тартканын кыйытты


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын лидери Владимир Зеленский
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын лидери Владимир Зеленский

Орусиянын президенти Владимир Путин украин лидери Владимир Зеленский менен жолугушуудан баш тартканын кыйытты. Ал Киев бийлигин Брянск жана Курск облустарындагы поезддерди жардырып, "тынч элге атайылап сокку урду" деп айыптады.

Путин шаршембиде өткөн өкмөт жыйынында ал окуяларды "теракт" деп атады. Анын айтымында, украин армиясы «фронттун бардык тилкелеринде чегинип жатат», Киев болсо «теракттарга өттү».

31-майда кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгону, 70тен ашык адам жараат алганы кабарланган. Жекшембиге оогон түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алган.

Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин ошол эле жыйында 7 киши набыт болгонун, 122си жараланганын айтты.

Путин Украинаны "мунасага барууга ниети жок" деп айыптады.

Анын бул билдирүүсү алдында Зеленский Москванын согушту токтотуу шарттары тууралуу меморандумун "ультиматум" деп атаган. Зеленскийдин айтымында, сүйлөшүүлөр жогорку деңгэлде уланууга тийиш же болбосо Стамбулдагы кездешүүлөр маанисиз бойдон калат.

Зеленский эч бир шартсыз ок атышууну токтотууну сунуш кылган. Ага удаа балким АКШнын ортомчулугу менен эки президент жолукмак. Шаршембиде украин лидери Путин менен "керек болсо эртең" жолугууга даяр экенин айтты.

Мурдарак ABC News өз булактарына таянып, Москванын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдаган документинин мазмунунан Ак үйдүн көңүлү калганын жазды. Азырынча АКШ президенти Дональд Трамп Орусияны тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мажбурлоо үчүн Москвага салынчу санкция тууралуу чечим кабыл ала элек.


Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG