Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Франция жана Бельгия орус газынан баш тартуу планын колдогон жок


Франция жана Бельгия Еврокомиссиянын 2027-жылга чейин орус газынын импортунан баш тартуу планын кабыл алууга каршы чыгып, экономикалык жана укуктук кесепеттер тууралуу көбүрөк маалымат берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Франция газдын башка булактарын табууну, орус импортун Катардын продукциясына алмаштырууну көздөйт. Энергетика министри Марк Ферраччи менчик фирмалар контракттарды үзгөнү үчүн чоң айып пулга жыгылышы мүмкүн деп эскертти.

Бельгия мындай олуттуу кадамдга баруудан мурда экономикалык тобокелдик менен таанышууну туура көрөт. Politico белгилегендей, эки өлкө тең орусиялык суюлтулган газдын Еврошаркеттеги эң ири кардарлары.

Дагы эки маанилүү импортер – Испания жана Нидерланд Ервокомиссиянын демилгесин колдоого даярдыгын билдирди. Сунушка ылайык, быйылтан тарта Орусиядан газ алуу боюнча кыска мөөнөттүү келишимдерге, 2027-жылга карай узак мөөнөттүү контракттарга тыюу салынат. Сөз болгон төрт мамлекеттин позициялары комиссия чечим кабыл алганда чечүүчү роль ойномокчу.

Эл аралык соодага байкоо салган Kpler сайтынын статистикасына караганда, Франция, Бельгия, Испания жана Нидерланд өткөн жылы 16,77 миллион тонна Орусиянын суюлтулган жаратылыш газын импорттогон. Бул – Орусиянын дүйнөлүк экспортунун жарымынан ашат.

Орусия Украинага басып киргенден бери Евробиримдик орус газынан көз карандылыкты жоюунун үстүнөн иштеп келатат. 2022-жылга чейин шаркет Орусиядан газдын 40% алып келсе, 2023-жылы 15% болгон, бирок былтыр 19% чейин көтөрүлүп, Брюссел бул тенденцияны катуу сындаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG