Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Еврокомиссия Болгариянын еврозонага кошулуусун жактырды


Еврокомиссия Болгариянын бирдиктүү валюта мейкиндигине – еврозонага кошулуусун жактырды. Эми өлкөдө евро 2026-жылдын 1-январынан тарта жүгүртүүгө кирет деп күтүлүүдө.

4-июнда комиссия София негизги төрт критерий боюнча шарттарды аткарганын белгиледи.

“Евро – Европа Биримдигининжана кубатынын көрүнүктүү символу”, - деп айтты Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Европанын борбордук банкы да Болгариянын арызын оң баалап, өлкө валюталык туруктуулук, инфляцияны ооздуктоо, мамлекеттик финансы жана үстөк пайыздар жаатындагы критерийлерге жооп берет деген бүтүм чыгарды.

Европа кеңеши соңку чечимин чыгаргандан кийин, бул – Болгариянын Еврошаркетке кошулуу багытындагы олуттуу кадам болуп калмакчы.

Ошол эле маалда арам акчаны адалдоого каршы күрөш жаатындагы мыйзамдардын аткарылбай жатышы, саясий олку-солку (акыркы 4 жылда Болгарияда жети жолу шайлоо болду) евроинтеграция жолунда тоскоолдук түзүп келатат.

Өткөн жумада София жана бир катар башка шаарларда еврону киргизүү баалардын өсүшүнө алып келет деп чочулаган демонстранттар көчөлөргө чыкты.

Бийлик жаңы валютага бара-бара өтүүнүн үстүнөн иштешерин билдирди. Ушу тапта евро 20 өлкөдө жүгүртүлөт. Январда Болгария Шенген келишиминин толук мүчөсү болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG