Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

ЖК: соттуулугу жоюлгандардын жогорку кызматка келишин чектеген мыйзам долбоор колдоо тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште сот күнөөлүү деп тапкан, бирок соттуулугу жоюлган же кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине, тараптардын келишип алганына же моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүп бергенине байланыштуу кылмыш иши кыскарган жарандарга президент, Министрлер кабинетинин төрагасы, мүчөсү кызматына дайындоого, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуусуна тыюу салган мыйзам долбоор каралды. Талкуудан кийин айтылган сын, сунуш-пикирлерди эске алуу шарты менен биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзамдын авторлору мындай өзгөртүүнү жогорку кызмат орундарга барчу адамдарга талап күчөтүлгөнү менен түшүндүрүп жатышкан. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлү Сагынбек Самидин уулу бул долбоор сотто толук акталгандарга тиешелүү эмес экенин белгилеген.

"Эң жогорку мамлекеттик кызматка толук таза адамдардын келишине, элдин бийликке болгон ишенимин күчөтүүгө багытталган. Президентке, өкмөт башчысына, өкмөт мүчөлөрүнө талаптар жогорку болушу керек. Эл арасында дагы мындай кызматтарга соттуулугу жоюлган болсо дагы келбеши керек эле деген пикирлер айтылган. Биз баарын талдап туруп ушундай долбоор даярдадык".

Жогорку Кеңештин азыркы курамында, буга чейинки чакырылыштарда дагы депутаттар арасында, жогорку мамлекеттик кызматта отургандардын ичинде убагында кылмыш иши козголгон, ар кандай, кээде бүдөмүк жагдайларда аяктаган, соттуулугу жоюлгандар бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG