Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Өзбек курамасынын маанилүү оюну алдында айрым күйөрмандар Эмиратта чектөөгө кабылды


Өзбекстан курама командасы. Иллюстрация
Өзбекстан курама командасы. Иллюстрация

5-июнда Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатына иргеп алуу айлампасында Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен маанилүү беттешүү өткөрмөкчү. Матчка жөнөгөн өзбекстандык ышкыбоздордун айрымдарын 1-2-июнь күндөрү Абу-Дабидеги жана Шаржадагы аэропорттордо сааттап кармап турушканын журналисттерге жана күйөрмандарга шилтеме менен “Озодлик” радиосу кабарлады.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги муну коопсуздук чаралары менен түшүндүрдү жана абалды жакшыртуу үчүн расмий тарап менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди. Эмираттардынн бийлиги эч кандай комментарий бере элек.

Апрелдин этегинде өлкөнүн бийлиги өзбек жарандары аралашкан кылмыштардан улам визасыз режим шартын кайра карашы мүмкүн деп кабарланган.

"Акыркы убакта Өзбекстандын жарандары мыйзам бузган учурлар көбөйгөнү эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режимге таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленди", — деп айтылган өзбек Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тараткан маалыматта.

Коңшу өлкөнүн ТИМи эки тараптын ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирип, бул өлкөдөгү өзбек жарандарын "жердештерине шек келтирген кыймыл-аракеттерден оолак болууга" чакырган.

Gazeta.uz басылмасы анын алдында Дубайда өзбекстандык эки кылмыштуу топтун өкүлдөрү ортосунда калайман мушташ болуп, бир адам каза тапканын, дагы бири комага түшкөнүн жазган.

Ага чейин раввин Цви Когандын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен кармалган Өзбекстандын үч жараны өлүм жазасына өкүм кылынганы кабарланган.

Ошондон кийин Эмиратка учуп барган өзбек жарандарына өлкөгө кирүү кыйындаганы айтылган. Арасында депортациялангандар болгон.

Өзбекстан курамасы өз тайпасында азыр экинчи орунда баратат. Бейшемби күнкү оюнду жеңсе, же жок дегенде тең чыкса, анда 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө биринчи жолу тарыхта катышмакчы.

Атаандашы - Бириккен Араб Эмирлиги Азия регионундагы күчтүү команда, 1990-жылдагы дүйнө биринчилигинде ойногон.


Шерине

XS
SM
MD
LG