Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

ЖК президент каршы пикир менен кайтарган Жер кодексин талкуусуз кабыл алды


Жер кодекси тууралуу мыйзамга каршы чыккан адамдар. Бишкектеги Максим Горький атындагы бакча. 1-апрель, 2025-жыл.
Жер кодекси тууралуу мыйзамга каршы чыккан адамдар. Бишкектеги Максим Горький атындагы бакча. 1-апрель, 2025-жыл.

Жогорку Кеңеш 4-июндагы жыйында Жер кодексин талкуусуз кабыл алды. Анда бул документти президент Садыр Жапаров каршы пикир менен артка кайтаргандан кийин макулдашуу тобу кайра иштеп чыкканы, тармактык комитеттерде жактырылганы айтылды.

Садыр Жапаров бул мыйзамды апрелде каршы пикир менен артка кайтарган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов "Мамлекет башчысы бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги менен түшүндүрөт. Эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керектиги белгиленди", - деп билдирген.

Министрлер кабинети 2022-жылы иштеп чыккан Жер кодексинин жаңы редакциясы бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылы жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карап, быйыл 13-февралда кабыл алынган.

Буга байланыштуу өлкөдө бир катар нааразылык акциялары өткөн. Айрым адамдар Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, президентке кайрылган, парламент кабыл алган мыйзамга кол койбоону суранышкан.

Алар “бул мыйзамга президент кол койсо жер тилкелерин менчик ээлеринин макулдугусуз мажбурлап тартып алууга жол ачыларын” айтып, менчикке болгон кол тийбестик сакталышы керектигин билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров 20-февралда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин жана жеке менчик мүлк кол тийгис экенин айткан. Садыр Жапаров жеке менчик жерлерди жергиликтүү бийлик текшерип турушу керектигин билдирип, жер ээлерин бир метр жерди да бош калтырбай иштетүүгө чакырган.

Кыргызстанда Жер кодекси 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Бийлик өкүлдөрү буга карабай документ эскирип, бүгүнкү шарттарга жооп бере албай калганын белгилеп, аны толук жаңы редакцияда кабыл алууну сунушташкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG