3-июнда Пакистандын баш калаасы Исламабадда 17 жаштагы Тик Ток блогери Сана Юсуф киши колдуу болду. “Машал” радиосу блогерди белгисиз адам атып кеткенин кабарлады. Полиция шектүү камакка алынганын билдирди.
Маркумдун энеси кызына кол салуу үйүндө болгонун айткан.
"Шектүү үйгө кирип, бир нече жолу ок чыгарып, качып кеткен", - деп билдирген жергиликтүү полиция өкүлдөрү журналисттерге.
Каргашалуу окуя Сана Юсуф социалдык түйүндөрдө туулган күнүн майрамдаган видеону бөлүшкөндөн бир нече сааттан кийин болгон.
Ал социалдык тармактагы баракчасында Пакистандын каада-салттары жөнүндө видеороликтерди тартып, аялдардын укуктарын коргоп, билим берүү демилгелерин колдоп келген. Анын Instagram баракчасында 500 миң, Тик Токто катталуучуларынын саны миллионго жакын.
Бир катар медиа каражаттары шектүү маркумдун тууганы экенин жана өлүмгө өлкөдөгү кыз-келиндерге болгон чектөөлөр себеп болгонун жазышты.
241 миллиондон ашуун калкы бар Пакистанда 50 миллиондон ашык Тик Ток колдонуучусу бар.
“Машал” радиосу өлкөдө буга чейин кыздар социалдык тармактарды колдонгону үчүн туугандарынын зордук-зомбулугуна кабылганын жазды. Айрым учурда өлүм менен аяктаган. (AiA)
Шерине