Шейшемби эртең менен Вашингтонго Украинанын өкүлдөрү расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барды. Делегациянын курамында Украинанын президенттик кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак, экономика министри Юлия Свириденко жана Коргоо министрлиги менен президенттик кеңсенин өкүлдөрү бар.
Андрей Ермак бул сапардын алкагында украин тарап АКШ жетекчилиги менен коопсуздук, аскердик жана экономикалык кызматташтык боюнча маселелерди талкуулай турганын билдирди.
"Күн тартибинде кеңири жана ар тараптуу маселелер турат. Коргонуу жаатындагы колдоо жана фронттогу соңку кырдаал боюнча да сөз болот. Ошондой эле Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү тууралуу да сүйлөшөбүз", - деп жазды Ермак социалдык тармактагы баракчасына.
Украин президентинин аппарат жетекчиси сенаторлор Линдси Грэм (республикачы, Түштүк Каролина штаты) жана Ричард Блюментал (демократ, Коннектикут штаты) иштеп чыккан АКШнын Орусияга каршы жаңы санкциялары жөнүндөгү мыйзам тууралуу да сөз болорун белгиледи.
Украин делегациясы бул сапарында Кошмо Штаттардын Республикачылар жана Демократтар партияларынын Украинага колдоо көрсөткөн сенаторлору, АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынын мүчөлөрү менен бир катар жолугушууларды мерчемдеп жатат.
Мындан тышкары, Стамбулда өткөн Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча баяндама жасалат.
2-июнда Стамбулдагы Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында тараптар оор жарадар аскерлерди, 19-25 жаштагы туткундарды жана каза болгондордун алты миңден сөөгүн айырбаштоону макулдашты.
Тараптар бул жолу да ок атышууну токтотуу жана өлкө лидерлеринин жолугушуусу боюнча макулдаша алган жок.
Financial Times гезитинин кабарчысы Кристофер Миллер украин тарап даярдаган документтин текстин жарыялады.
Анда атышууну толук жана эч кандай шартсыз токтотуу, жаш балдарды, жайкын тургундарды, бардык туткундарды айырбаштоо, Украина үчүн ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери, Украинанын НАТОго жана ЕБге кирүү мүмкүнчүлүгү, Евробиримдиктин аскер күчтөрүн Украинанын аймагына жайгаштыруу, 2014-жылдын февраль айынан бери Орусия басып алган аймактарды орус тараптыкы деп тааныбоо сыяктуу бир катар талаптар жазылган.
Орусия меморандумуна Украинанын аскердик бирикмелерге жана коалицияларга кошулбасын, мобилизацияны токтотушун, бири-биринин саясий туткундарына, жайкын тургундарына мунапыс берилишин, Киевдин чет өлкөлүк аскердик жардамдан баш тартышын жазган.
16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.
Эки тарап Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүдө туткун айырбаштоо жараянын 1000/1000 форматында жүргүзүүнү макулдашкан. (AiA)
Шерине