3-июнга караган түнү Орусиянын чабуулуна Украинанын Сумы облусу туш болду. Маалыматка караганда, эки адам каза таап, 20дан ашык адам жараат алды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.
"Жараат алгандардын арасында 17 жаштагы бала бар. Арасында оор абалда ооруканага жеткирилгендер бар. Тилекке каршы, эки адам каза болду. Алардын жакындарына көңүл айтам",-деди облус башчысы.
Маалыматка караганда, облустагы бир медициналык мекеме, бир нече турак жай жана автоунаа жабыркады. Эки автоунаа облустун так борбордук бөлүгүнө болгон чабуулдун кесепетинен күйүп кеткени айтылды.
Шейшембиге караган түнү Орусиянын абадан соккусуна Украинанын Чернигов жана Одесса облустары да кабылды.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, үч адам: бир аял, эки эркек жарадар болду. Алар оор жаракаттар менен шаардык медициналык мекемелерге жаткырылды", — деди Чернигов облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Вячеслав Чаус.
Ал көп кабаттуу үйлөр, мектептер, бир нече дүкөн, аялдама жана жеке сектордогу үйлөр жабыркаганын белгиледи. Мындан тышкары бир өнөр жай ишканасы да чабуулга туш болду.
Одесса облусунда төрт адам жабыркап, бир нече имаратта өрт тутанды.
Харьков облусундагы Балаклея шаарында бир адам каза болуп, дагы бир адам жабыркаганы кабарланды.
Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт. (AiA)
Шерине