Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Ош шаарынын мурдагы казысы кайрадан камалганы кабарланды


Ош шаары
Ош шаары

Ош облустук сотунун 29-майдагы чечими менен Ош шаарынын мурдагы казысы Мирланбек Токтомушев кайрадан тергөө абагына камалды. Бул тууралуу облустук сот 2-июнда тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматта Токтомушев 18-июнга чейин УКМКнын Оштогу башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалары белгиленген. Облустук соттун басма сөз кызматы шаардык соттун буга чейинки токтому жокко чыгарылганын билдирди. Буга атайын кызматтын тергөөчүсүнүн өтүнүчү себеп болгон.

Ош шаарынын буга чейинки казысы Мирланбек Токтомушев кармалганы 23-майда ырасталган. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) көптөн бери бул казыятта "мыйзамсыз акча чогултуу" фактылары болгонун, "такай жасалып келе жаткан мыйзамсыз иштерге бөгөт коюлганын" билдирген.

Токтомушев бир күндөн кийин үй камагына чыккан. Ош шаардык соту ага айып катары коюлуп жаткан кылмыштын түрү оор деп эсептелерин билдирип, бирок туруктуу жашаган дареги, жашы жете элек эки баласы бардыгы, мурда соттолбогону, саламаттыгы начар экени, жакында эле дарыланып чыкканы эске алынганын маалымдаган.

Токтомушев же анын адвокаты азырынча комментарий бере элек.

26-майда Ош шаардык казыяттын башчысы болуп Самидин Атабаев дайындалган. Ошол эле күнү Ош шаарында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров жергиликтүү имамдар, диний кызматкерлер менен жыйын өткөрүп, финансылык иштерди мыйзамга ылайык жүргүзүү керектигин эскерткен. (AiA/DSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG